«​Вакцинация тукумсуздукка алып келет»деген Шайлообек Атазовдун пикири жөн гана ушак

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов «Фейсбуктагы» баракчасына коронавирус илдетине каршы вакцина алуу иш-чарасын сынга алып, бул адам ден-соолугуна ар кандай коркунучтарды алып келиши мүмкүн экенин жазган.


Шайлообек Атазов:

«Вакцина алуу — бул күмөндүү, коркунучтуу иш чара болуп жатат! Мага бугун маалымат келди. Кээ бир мекемелер мажбурлап берип башташыптыр. Вакцина — элибизди келечекте тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал. Эксперимент жүргүзүп жатышкан болсо, туура эмес! Саламаттыкты сактоо министрлиги ковид менен күрөшүүдө элибизди вакцина алуудан башка жолдорун сунуштаса туура болмок» — деп жазган.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы “7 каналга” вакцина тууралуу берген маегинде, “Вакцина — бул жаңы препарат. Бул тукумсуздукка алып келеби же алып келбейби эч ким билбейт. Балким, вакцина тукумсуздукту көбөйтүшү мүмкүн”, — деп билдирген.


«Политклиника» медиасы бул боюнча фактчекинг уюштуруп, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Кит О‘Брайендин маалыматына таянып, «коронавируска каршы вакцина тукумсуздукка алып келбейт, бул жөн гана ушак»-деген тыянакка келген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты