​COVID-19га каршы колдонулган вакцина тукумсуздукка алып келбейт (Фактчекинг)

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “7 каналга” вакцина тууралуу берген маегинде, ал “Вакцина — бул жаңы препарат. Бул тукумсуздукка алып келеби же алып келбейби эч ким билбейт. Балким, вакцина тукумсуздукту көбөйтүшү мүмкүн”, — деп билдирген.

​COVID-19га каршы колдонулган вакцина тукумсуздукка алып келбейт (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы, коронавируска каршы колдонулган вакцина тукумсуздукка алып келеби же жокпу текшерип көрдү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эмне дейт?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Кит О’Брайен коронавируска каршы эмдөө тукумсуздукка алып келбейт, бул жөн гана ушак деп билдирген.

​COVID-19га каршы колдонулган вакцина тукумсуздукка алып келбейт (Фактчекинг)

Анын айтымында, мындай имиштер коронавируска каршы эмделе турган ар кандай вакциналардын арасында таркап атат. Бирок, алар чынчыкка дал келбейт.

Тукумсуздукту пайда кылган бир дагы вакцина жок”, — деп билдирген Кит О’Брайен

Вакцина плацентанын өнүгүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү жаратат деген далил жок

COVID-19 вакцинасы, башка вакциналар сыяктуу, денебизди COVID-19 вирусун пайда кылган вируска каршы күрөшүү үчүн антителолорду иштеп чыгууга, келечектеги оорулардын алдын-алууга үйрөтөт.

Учурда COVID-19ду эмдөөдөн пайда болгон антителолор кош бойлуулукка, анын ичинде плацентанын өнүгүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү жаратат деген далилдер жок. Бул тууралуу Австралиянын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген.

Азыр кош бойлуу болууга аракет кылып жаткан же келечекте аракет кылууну көздөгөн адамдар COVID-19га каршы вакцинасы аларга жеткиликтүү болгондо алышы мүмкүн.

“Вакцинаны тукумсуздук менен байланыштырган, бул — спекуляция”

“MU Health Care” клиникасынын репродуктивдик эндокринологу Альберт СУ бойго бүтүрүүгө аракет кылган бейтаптардан COVID-19 вакцинасы жөнүндө кооптонууларды көп уга тургандыгын айткан.

Бул тууралуу учурда изилдөөлөр уланып жатканын, COVID-19 вакциналары тукумсуздукка алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө далилдер жок жана COVID-19 вакцинасы аялдардын тукумсуздугун ар кандай шартташы мүмкүн деген ишенимдүү илимий теориялар жок экиндигин билдирген.

“COVID-19 вакциналарын аялдардын тукумсуздугу менен байланыштырган доомарттар учурда эң мыкты спекуляция болуп саналат”, — дейт Альберт Су.

Жыйынтык: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Кит О’Брайендин маалыматына таянсак, коронавируска каршы вакцина тукумсуздукка алып келбейт, бул жөн гана ушак.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты