​«Биздин Кыргызстандын» башчысы Айбек Осмонов Президенттин айланасындагыларга нааразы болду

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты, «Биздин Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү Айбек Осмонов өлкө башчысынын тегерегиндегилерге нааразычылыгын билдирди.


Социалдык түйүндөгү баракчасына ал:

«Мен тигил же бул бийликти жамандоодон алысмын. Бирок, ойлонуп көрсөм биздин азыркы жашоо денгээлибизге, 3 жолку бийлик алмашууга, өлкөнүн учурдагы кейиштүү экономикалык абалына өлкө башкаруучусунун тегерегиндегилер күнөөлүү экенине ынанып баратам.

Туура эмес маалыматтарды жеткирип, жеке амбицияларынан улам бирөөнүн ийгилигин жактырбай, жаратман жаштардын эл үчүн деп алдыга койгон кадамдарын чалынтуу максатында, сага жакшы эле пикирде жүргөн адамдардын оюн өзгөртүүгө жетишет тура. Кантели эми, инсанбыз да, адашуучубуз. Бирок, өткөөл бийликтердин тагдырынын кайталанышын биз каалабайбыз. Анткени өлкөбүздүн өнүгүп-өсүп, гүлдөшүн көргүбүз келет. Ошону менен бирге элибиздин кең келечеги үчүн алгылыктуу салым кошкубуз келет. Ал үчүн бизге бийликтин жөн гана колдоосу керек эле… Дооронбек Садырбаев агабыздын сөздөрү тилекке каршы эсиме келип кетти…

Учурда деле артынан адам салуу, коркутуу-үркүтүү, адилетсиз кадамдар улангандай…

Ош шаарында өткөн шайлоодогу элибиздин колдоосу менен жараткан жетишкендигибиз кээ бирөөлөргө жакпагандай. Эртен кокустан эле биздин партиябызды тизмеден алып салса деле таң калбай калдым! Андай болсо бардык партияларга мыйзам бирдей иштесе жакшы болмок!»-деп жазган.

Эске сала кетсек, 11-июлдагы Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо Айбек Осмоновдун «Биздин Кыргызстан» партиясы добуш бергендердин 33,37 пайыз колдоосуна ээ болуп, шаардык кеңеште 16 мандатка ээ болгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты