УКМКнын абагында коронавирус менен ооругандар көбөйдү

  • 3 года мурун

УКМКнын тергөө абагында камалып жаткандардын көпчүлүгү коронавируска чалдыккан.


Кармалгандардын адвокаттары жана туугандарынын айтымында арасында катуу ооругандар да бар.

УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, бирок ооруну жуктуруп алгандардын бардыгы ооруканага которулгандыгын белгилеген.

Буга чейин УКМКнын СИЗОсунда жаткан бир катар мурдагы жана учурдагы чиновниктер жеке менчик «Бикард» клиникасында дарыланышууда.

Алар Президенттик аппаратынын экс-башчысы Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Пирматов, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын экс-башчысы Василий Дашков, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда «Бикардда» ден соолугун чыңдап жатышат.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты