​Июлдун аягы менен коронавирустун жайылышы басаңдайт

  • 3 года мурун

Кыргызстанда июль айынын аягына чейин коронавирус оорусунун жайылышы азаят.

Мындай маалыматты саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

Бул илимий божомол экенин айткан министр:

«Биз профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Калкты активдүү эмдөө башталды» деген.

Буга чейин Кыргызстанда COVID-19 илдетинин үчүнчү толкуну туу чокусунун жеткенин, калкты активдүү эмдөө алууга чакырган Алымкадыр Бейшеналиев:

«Вакцинация ковиддик кризистен чыгууга, өлкөнүн бардык аймактарын коопсуз, коронавируссуз, кадимки жашоого кайтып барууга жардам берет деп күтүп жатабыз. Ар бир жаран өз жоопкерчилигин сезиши керек»,-деген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты