​Орхан Инандынын кыргыз жарандыгы боюнча дагы бир экс-чиновник камалды

  • 3 года мурун

Жарандуулук маселелери боюнча президенттик комиссиянын мурунку жооптуу катчысы камакка алынды.

2015-жылдын январь айынан 2019-жылдын ноябрь айына чейин аталган кызматты аракалап келген Эрнист Апилов айрым чет элдиктерге мыйзамсыз жарандык берген деген шек менен камалган.

Ага карата Түркиянын жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча айып тагылып, иши Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан «Коррупция» беренеси боюнча тергелүүдө.

Аталган президенттик комиссиянын мурунку жооптуу катчысы болуп Эрнис Апилов иштеген.

Эске сала кетсек, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 11-июль күнү Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы департамент башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты