​«Түрк жаранына мыйзамсыз паспорт берген» деп Дүйшөн Сатыбалдиев камалды

  • 3 года мурун

Кыргызстандын паспортторун Түркия жарандарына мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы департамент башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынды.


ИИМ тараткан маалыматта:

«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда, Кыргыз Республикасынын паспортун Түркиянын жарандарына берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемаларды түзгөн деген шек менен МККнын Каттоо жана жарандык абалдын актыларын аныктоо департаментинин мурдагы башчысы С.Д. кармалды», — деп жазылган.

Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске сала кетсек, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга кыргыз паспортун берүү боюнча текшерүү башталган.

Кечээ10-июлда Түркия Республикасынын он жаранын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарган деген шек менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, Президенттин мурдагы аппарат башчысы Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты