Кыргыз-тажик чатагында каза болгон чек арачынын үй-бүлөсүнө батир белекке берилди

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда курман болгон чек арачы Бекзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батир белек кылды.


Мындай маалыматты алып баруучу Ассоль Молдокматова социалдык түйүндөгү баракчасына жазган.

Президенттик администрация мамлекет башчысы чек арачы Бекзод Юлдашевдин жубайы Гүлкаяга батирдин ачкычын тапшырганын ырастаган.

Бекзод Юлдашев 2021-жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда каза болгон.

Эске сала кетсек, Тажикстандын куралдуу күчтөрү апрель айынын акырында Баткен облусунун тынч жарандарына кол салып, 36 адамдын өмүрүн алган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты