​Алмамбет Салиев камакта калды

  • 3 года мурун

Экс-Президент Сооронбай Жээнбековдун жакын адамы саналган, Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев камакта калды.


Жактоочу Жыргалбек Бабаев Алмамбет Салиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчү кароосуз калтырылганын билдирди.

«Сот ишти анын катышуусуз карады. Муну менен анын укугу бузулду. Алар жок дегенде онлайн режиминде өткөрсө болмок, мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок алар андай да кылышкан жок», — деп нааразы болду жактоочу.

Эске сала кетсек, Алмамбет Салиев «мыйзамсыз баюу» беренси боюнча шектелип, 17-июнь күнү камакка алынган. 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 16-августка чейин УКМКнын тергөө абагында камоо чечимин чыгарган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты