​Мирлан Орозбаев: «Оштун мэри Президенттин тапшырмасын аткарган жок»

  • 3 года мурун

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышкан беш партия добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышты.


Шайлоо босогосунан өтө албай калган «Улуу-Журт», «Бүтүн Кыргызстан», «Келечек-Будущее», «Нур» саясий партиялары шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү дешти.

«Шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өттү, бул үчүн ар бир партиянын жетиштүү далилдери бар. Териштирүү башталса, бардыгын көрсөткөнгө даярбыз. Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэрине таза шайлоо өткөрүүнү тапшырган, бирок ал аны аткарган жок», — деди «Улуу-Журт» партиясынын өкүлү Мирлан Орозбаев.

11-июлдагы Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо 4 партия жеңишке жетишкен.

Алар:

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы – 36,86 пайыз же 17 мандат;

«Биздин Кыргызстан» партиясы – 33,37 пайыз же 16 мандат;

«Улуттар Биримдиги» партиясы – 15,91 пайыз же 8 мандат;

«Бир Бол» партиясы – 8,35 пайыз же 4 мандат;


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты