​1 миллион 250 миң доза Синофарм келди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-июлда, Кыргызстанга 1 миллион 250 миң доза кытайлык «Синофарм» вакцинасы алынып келинди.


Өкмөт 1,1 миллион дозаны сатып алган, ал эми Кытай 150 миң дозасын гуманитардык жардам катары берген.

1 миллион 250 миң доза 625 миң адамды эмдөө үчүн жетет. Бул ирет вакциналар Кыргызстандын бардык аймактарына таратылат.

«Синофарм» 18 жаштан жогору адамдарга эмдөөгө уруксат берилген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева кошумча 1 миллион 200 миң вакцинага буйрутма берилгенин билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты