​Калктын 70 пайызын эмдөө пландалууда

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрүп, вакцинациялоо ишинин жүрүшү боюнча маалымат берди.


Республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашова жакынкү күндөрү өлкөгө 1 млн 250 миң доза Sinopharm кытай вакцинасы келээрин айтты.

«Республикада эпидемиологиялык абал кескин начарлап жатат. Жакын арада 1 миллион 250 миң доза кытай вакцинасы Кыргызстанга алынып келинет, андыктан калкты эмдөө процессин мүмкүн болушунча тездетүү керек. Көбүрөөк адамдарды камтуу абдан маанилүү», — деди ал.

Мындан тышкары, Ж.Бакашова ушундай эле өлчөмдө Sinopharm вакцинасынын кошумча партиясын сатып алуу маселеси каралып жаткандыгын белгиледи.

Улуттук Вакцинациялоо планынын негизинде калктын 70 пайызын же 2 118 417 адамга эмдөө жүргүзүү зарылчылыгы белгиленди. Бул жарандардын арасынан артыкчылыктуу топко 1 312 450 адам кирет.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты