​«Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлү добуш сатып алууга аракет кылган

  • 3 года мурун

Ош шаарында «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлү добуш сатып алууга аракет кылды деген шек менен 10-июль күнү кармалган.


Аталган партиянын өкүлүнүн жанынан 37 миң сом накталай акча, партиянын жарнамалык баракчалары табылган. «Улуттар Биримдиги» партиясынын катчылыгы шектүү адам чынында партиянын өкүлү экенин тастыктап, бирок жанындагы акчалар анын өздүк каражаты болгонун айтышкан.

Акыркы жумаларда Ош шаарында ушуну менен төртүнчү ирет добуш сатып алуу аракети болду.

Жакында эле «Ынтымак» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешине талапкер акча таратып жаткан жеринен кармалып, камакка алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен партия шайлоодон четтетилген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун акыркы тизмесине 152 718 (6%) шайлоочу киргизилген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты