​»Жалпы иш» коомдук фонду: Кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү учурунда 83 мыйзам бузуу аныкталды

  • 3 года мурун

2021-жылдын 18-июнунан 9-июлуна чейин Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде, «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуунун 83 фактысы аныкталды.


Алардын ичинен:

Шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча 65 факты;

Добуш сатып алуу боюнча 11 факты;

Административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу, шайлоочуларга карата коркутуу жана кысым көрсөтүү боюнча 5 факты;

Талапкерлерди каттоонун жол-жоболорун бузгандыгы жөнүндө 1 факты;

УШКнын курамы жөнүндө 1 факт.

Үгүт эрежелерин бузуу боюнча 65 фактынын ичинен, Ош шаарындагы АШКга 52 арыз жана кайрылуулар жиберилген.

52 факт боюнча арыздар АШКга жана 2 мыйзам бузуу фактысы боюнча маалымат БШК тарабынан түзүлгөн ЫЧКТга өткөрүлүп берилди.


Кабыл алынган билдирүүлөрдүн ичинен шаарлар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:


Ош шаарында 52 факты катталды. Мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу — 47 факты, добуштарды сатып алуу боюнча 3 факт, талапкерлердин тизмеси боюнча 1 факт жана УШКнын курамына ылайык 1 факт.

Бишкек шаарында 24 факты катталды. Мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: 17 шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу-17, добуш сатып алуу-5, административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу фактылары-2

Токмок шаары — 7. Мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: 1 шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу, 3 добуш сатып алуу, 3 административдик ресурстарды колдонуу фактылары.

11 — апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында массалык мыйзам бузуулар орун алып, 12 — майдагы аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты