​Чек ара чырында каза тапкан Хуснидин Хажиевдин сөөгү жерге берилди

  • 3 года мурун

Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылында чек ара кызматынын сержанты, 27 жаштагы Хуснидин Хажиевдин сөөгү жерге берилди.

Маалыматтарга караганда, Хуснидин Хажиевдин бир баласы болгон.

8-июлда, саат 17.00 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.

УКМКнын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, атчан чек ара отряды күтүлбөгөн жерден тажик чек арачылары тарабынан кол салууга дуушар болгон. Аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.

Атышуунун натыйжасында Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы Хуснидин Хажиев каза болгон.

Сүрөттө: Хуснидин Хажиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты