​Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 8-июлда, кечки саат 17:00 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара башкармалыктарынын аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болду.


УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстандын атчан чек ара отряды Лейлек районунун Наумин ашуусу аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында нөөмөттө турган. Чашмагилдан ашуусунун өткөндө УКМКнын Чек ара күзөт отряды күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салууга дуушар болгон. Аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.

Кезектеги бул чек ара чырынан курман болгондордун бар экени айтылууда.

Окуянын себептерин жана жагдайларын билүү үчүн окуя болгон жерге УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Кыялбек Төлөнбаев жана коопсуздук органдарынын жетекчилери жөнөп кетишкен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты