​Баткендеги атышууда кыргыз чек арачысы кайтыш болду

  • 3 года мурун

УКМКнын Чек ара кызматы 9-июлдун таңына карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу экенин билдирди.


Түнкүсүн эч кандай окуя катталган эмес. Жакынкы айылдардын тургундары эвакуацияланган жок.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-июлда, саат 17.00 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, атчан чек ара отряды күтүлбөгөн жерден тажик чек арачылары тарабынан кол салууга дуушар болгон. Аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.

Атышуунун натыйжасында Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы Хуснидин Хожиев каза болгон. Учурда анын өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. Алдын ала маалымат боюнча, тажик тараптан каза болгондор жана жаракат алгандар дагы бар. Окуя болгон жерде КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бар. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү бул фактыны иликтөөнү улантууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты