Тажикстанда кармалып турган кыргыз чек арачысы кыргыз тарапка берилди

  • 3 года мурун

Чек ара кызматынын айтымында, кечээ, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, мурда кармалган УКМКнын чек ара кызматынын аскер кызматкери, прапорщик З.Умаров кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Ал КР чек ара кызматынын өкүлү менен бирге Кайрагач-Автодорожный көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келишти. Чек арачынын ден-соолугу канааттандырарлык деп бааланууда.

8-июлда, кечки саат 17:00 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара башкармалыктарынын аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.

Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, атчан чек ара отряды күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салууга дуушар болгон.

Буга чейин Кыргыз-тажик чек арасында болгон 8-июлдагы жаңжал учурунда эки кыргыз жоокери жана үч кызматтык ат туткундалганын «Turmush» басылмасы жазган. УКМК калган дагы бир туткун тууралуу маалымат бере элек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты