​Тажиктер тарабынан эки кыргыз жоокери аттары менен туткундалганы айтылды

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында болгон 8-июлдагы жаңжал учурунда эки кыргыз жоокери жана үч кызматтык ат туткундалганын «Turmush» басылмасы жазды.


Чек ара жаңжалы Гош-Жайлоо аймагындагы Наумин ашуусунда болгон. Тажикстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери күтүлбөгөн жерден кыргыз чек арачыларына ок чыгарышкан. Бир прапоршик жана сержант үч ат менен кошо туткунга алынган. Сержант Хусниддин Хожиев алган жаракатынан улам көз жумган.

Эске сала кетсек, 8-июлда, кечки саат 17:00 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара башкармалыктарынын аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты