​Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү: Директор иштен бошотулат

  • 3 года мурун

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар менен бирге 2021-жылдын 1-июнундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу И. Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча иш-чараларды жыйынтыктады.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

И. Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен корутунду чыгарылды.

— Военно-Антоновка балдар үйүнүн жетекчилигинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу, билим берүү жана илим министрлигине аталган балдар үйүнүн ишмердүүлүгүндө жогоруда айтылган бардык одоно мыйзам бузууларга жана балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүнө жол бергендиги үчүн директордук кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле балдар үйүнүн башка кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталды.

— Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Чүй облусунун Сокулук районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки иши канааттандырарлык эмес деп табылып, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына маалымкатта көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга жол берген бардык жооптуу кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна шайкештигин карап чыгуу сунушталды;

-Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана анын аймактагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн балдарды коргоо, камкордукка алуу жана асырап алуу, анын ичинде эл аралык асырап алуу маселелери менен алектенген кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык факторлорду жана одоно мыйзам бузууларды көрсөтүү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын жүргүзүү жана ал материалдарды андан ары кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү.

Ошондой эле Минисрлер кабинетине бул боюнча тапшырмалар берилди.

1-июнь күнү Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 12 жаштагы Игорь Якунин аттуу өспүрүм каза болгон. “Балдардын укугун коргоо лигасы” Игорь катуу сабалгандан улам каза болушу мүмкүн деген версияны айтышкан. Ал эми трагедиянын чыныгы себептери балдар үйүнүн жетекчилиги жана милиция тарабынан жашырылып жатканы белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты