​АКШ элчилиги Кыргызстандын чек ара коопсуздугун бекемдөө үчүн жабдууларды жеткирип берди

  • 3 года мурун

8-июлда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматында өткөн салтанат учурунда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги АКШнын Энергетика министрлигинин Улуттук ядролук коопсуздук, өзөктүк контрабанданы табуу жана токтотуу боюнча администрациясынын (NSDD) атынан, жалпы акчалай наркы 170,000 доллардан ашкан радиацияны аныктоочу жана идентификациялоочу кол жабдыктарын тапшырды.

Бул жабдыктар чек ара кызматкерлерине өлкөнүн чек араларында радиоактивдүү материалдардын мыйзамсыз айлануусун оңойлук менен аныктоого жана токтотууга мүмкүндүк берет.

Салтанаттуу иш-чарага АКШнын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Брайан Стиммлер, МЧКнын төрагасынын орун басары полковник Даниар Сатимов, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Руслан Бокоев, жана башка кыргыз мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Убактылуу ишенимдүү өкүл Стиммлер бул кадам эки мамлекеттин өзөктүк коопсуздук жаатындагы кызматташтыгындагы жаңы баскыч экендигин белгилеп: “Коопсуз чек аралар

коопсуз дүйнөнү сактайт, жана Америка Кошмо Штаттары кыргыз чек араларын, бардыгыбызга таасирин тийгизген адам сатуу, өзөктүк материалдардын контрабандасы, глобалдык пандемия жана эл аралык терроризм сыяктуу глобалдык коркунучтардан сактап калуу үчүн Кыргыз Республикасын колдоого милдеттенет” деди.

АКШ менен Кыргызстандын өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча кызматташтыгы он жылдан ашуун убакыттан бери созулуп келе жатат. Бишкекте 2008-жылы август айында АКШнын Энергетика министрлигинин Улуттук ядролук коопсуздук, өзөктүк контрабанданы табуу жана токтотуу боюнча администрациясынын (NSDD) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда 2015-жылы аяктаган 16 чек ара бекетинде радиацияны аныктоочу тутумдарды орнотуу боюнча кызматташтыкты орноткон өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Сүрөт: Кыргызстандагы АКШ элчилиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты