​Камчыбек Ташиев: «Орхан Инанды Кыргызстанда болсо, биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз»

  • 3 года мурун

Түркиянын чалгындоо кызматы тарабынан уурдалган «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын кыргыз паспорту алгандыгы боюнча кылмыш иши бар экенин УКМК башчсы Камчыбек Ташиев билдирди.


Анын айтымында, Орхан Инандыны Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактысы менен 2019-жылдын 13-сентябрында кылмыш ишин козгогон.

«Биз Кыргызстандын жарандыгын алуусунун мыйзамдуулугун текшерип жатабыз. Тергөө жүрүп жатат. Ал тууралуу бардык маалыматтарды бир мекемеде чогултуш үчүн бүгүн мен бул ишти Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнү чечтим», — деди Камчыбек Ташиев.

Орхан Инандынын түрк жарандыгы 2024-жылга чейин жарактуу экенин кошумчалаган УКМК башчысы:

«Ал бул түрк паспортун ар дайым, айрыкча батыш өлкөлөрүнө каттаганда колдонуп жүргөн. Ал биздин паспортту дагы, түрк паспортун дагы бирдей колдонгон. Бул жерде ал мыйзамды бузган. Эгер ал бул жакта болсо, биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз»,-деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты