​Камчыбек Ташиев «революцияга жол бербейбиз» деди

  • 3 года мурун

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коом радикалдашып, жазасыз калуу сезими күч алып бара жатканын айтты.


«Мен аларга сиздер, журналисттер аркылуу эскертким келет. Интернетте алар жазасыз калабыз деп мамлекет башчысын жана башкаларды жамандап, төңкөрүшкө чакырып жатышат. Биз ар бириңерди каттап жатабыз. Токтоткула! Азыр чет мамлекеттерде жатып алып, революцияга чакыргандарды бул жакка алып келүү үчүн башка мамлекеттер менен келишим түзүп жатабыз» деди.

Ошондой эле УКМКнын башчысы бийлик революцияга жол бербей турганын айтты:

«Саясий экстремизм биринчи планга чыгып жатат. Алар чогулуп алып, күзүндө парламенттик шайлоо болот, революция болот деп талкуулап жатышат. Биз революцияга жол бербейбиз. Элдик бийлик буга жол бербейт. Революциясыз кетебиз» деди Ташиев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты