​Камчыбек Ташиев: «Афган качкындары Кыргызстанга да келиши мүмкүн»

  • 3 года мурун

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, Афганистандагы кырдаал боюнча пикирин билдирди.


Кыргызстан өзүнүн аскерлерин Тажикстан жана Афганистанга жиберүүгө даярбы деген суроого УКМКнын башчысы:

«Афганистан — Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн тышкы коркунуч. Албетте, биз ЖККУнун алкагында кызматташышыбыз керек» деп жооп берди.

Ошондой эле ал Кыргызстандын жарандары Сириядан мекенине кайтууну пландап жатканы тууралуу маалымат бар экенин кошумчалап:

«Азыр Афганистан менен чектеш Тажикстан менен Өзбекстанда оор кырдаал түзүлүп жатат. Афганистандан келген качкындардын бардыгы биздин өлкөгө келип калышы мүмкүн» деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты