​Орхан Инанды түрк паспорту менен 27 жолу чек арадан өткөн

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча ишти териштирип жатат.


Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тергөө учурунда Орхан Инанды 2012-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын ID-паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында жалпы жарандык паспортун алганы аныкталган.

Ошондой эле Орхан Инанды кыргыз жарандыгын алуу менен кошо Түркия жарандыгынан да баш тарткан эмес.Ал Түркия республикасынын 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу паспортун дагы толук кандуу колдонуу менен 2014-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстандын чек арасынан 27 жолу өткөн.

Орхан Инанды түрк паспорту менен Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, Түркия жана Индияга барып келген.

Ал эми 2018-жылдан бери Орхан Инанды кыргыз паспортун колдонуп 9 жолу Россия, Казакстан жана Индияга учуп барып келген.

«Белгилей кетүүчү нерсе, Орхан Инанды Түркияда туулуп-өскөн жана Түркия Республикасынын жарандыгынан чыккан эмес. 2019-жылы тиешелүү кызматтар тарабынан Орхан Инандынын кыргыз паспортун алгандыгы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери башталган», — дейт Бишкек шаардык ИИББинин маалымат кызматы.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майынан 1-июнуна караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган.

Бир айдан ашык убакыт белгисиз болуп, 5-июль күнү Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган ФЕТО террорчу уюмунун Орто Азия боюнча жооптуу адамы Орхан Инанды атайын кызмат тарабынан кармалып, Стамбул шаарына алынып келингенин кабарлаган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты