​HRW: «Орхан Инанданы уурдалышы эл аралык мыйзамдарды одоно бузууга жатат»

  • 3 года мурун

Орхан Инандынын уурдалышы боюнча Human Rights Watch уюму билдирүү таратып, Кыргызстандагы абройлуу «Сапат» мектептер тармагынын директору — дүйнө жүзүнөн адамдарды уурдап, мыйзамсыз Түркияга жеткирип жаткан түрк чалгындоо кызматынын кезектеги курмандыгы болгонун жарыялады.


«Түркия менен Кыргызстандын бийлигинин эки мамлекеттин тең жарандыгын алып жүргөн, Бишкекте туруктуу жашаган Орхан Инандыны соттун чечими жок, уурдоо жолу менен Түркияга алып чыгып кетиши — эл аралык жана ички мыйзамдарды одоно түрдө бузууга жатат»,- дейт Human Rights Watch укук коргоо уюму.

Human Rights Watch уюмунун директору Хью Уильямсон «Орхан Инанданын Кыргызстандан уурдалышы жана Түркияга мыйзамсыз алынып келиши Анкаранын мыйзамдын үстөмдүгүн жана эл аралык укуктун негизги нормаларын четке какканын дагы бир жолу тастыктады.

Орхан Инандынын кыргыз жеринде уурдалып, бир нече жума бою дайыны билинбей, андан соң түрк чалгындоо кызматы тарабынан Түркияга чыгарылып кеткен фактынын өзү – кыргыз бийлигинин Анкарага каяша айтууга кудурети жетпейт же аларга каршы чыгууну каалабайт, же түрк бийлиги менен бул окуяда пикирлеш болгон дегенди түшүндүрөт» — деди.

Орхан Инанды июнь айынын башында дайынсыз жоголуп, бир айдан ашык убакыттан кийин, 5-июлда ал түрк чалгындоо кызматы тарабынан Түркияга уурдалганы белгилүү болгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты