​Мыйзамсыз байыган депутат Алиярбек Абжалиев ишке чыкты

  • 3 года мурун

Мыйзамсыз баюуга шектелип, кылмыш иши козголгон ЖК депутаты Алиярбек Абжалиев 5-июлдагы парламенттин жыйынына келди.


Ал мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда 20дан ашык элиталык батирлерди, Бишкек шаарынын VIP шаарчаларындагы турак үйлөрдү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, жер тилкелерин, Түркияда жана Бириккен араб эмиратында кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

2021-жылы 1-мартта жогорудагы фактылар боюнча УКМК Алиярбек Абжалиевге карата «мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ал 27-июнда Кыргызстанга кайтып келип, мамлекетке келтирген 50 миллиондук зыяндын 20 миллион сомун төгүп берген.

Эске сала кетсек, «Политклиника» медиасы мурунку өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун кудасы, ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин жакындары Кайыңды кабель заводун менчиктеп алганы боюнча иликтөө жарыялаган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты