​УКМК: Депутат Абжалиев мыйзамсыз байыганы аныкталды

  • 3 года мурун

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин мыйзамсыз байыганы боюнча фактыларды аныктады.

УКМКнын маалыматына караганда, Алиярбек Абжалиев ЖК депутаты болуп туруп, экс-Президент Сооронбай Жээнбеков менен туугандык байланышын пайдалануу менен мамлекеттик органдардын иштерине активдүү киришип жүргөн. Аны менен катар эле мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке менчик структуралардын кызыкчылыгы үчүн иш алып барган.

Ошону менен бирге эле өзү мамлекеттик кызматтарда жүргөнүнө карабастан, расмий кирешеси жетпей турган мүлктүк активдерди, анын ичинде 20 элиталык батир, ВИП-шаарчалардан үйлөрдү, Ысык-Көлдөн пансионат, Ысык-Көл жана Чүй облусунан жер тилкелерин жана дагы Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарынан кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

Ал гана эмес, Алиярбек Абжалиев тарабынан курулуш компаниялардын бирине, Кайыңды кабель заводуна, көмүр жана алтын кендерине ири суммада инвестиция салынган.

Эске салсак, “ПолитКлиника” медиасы буга чейин “Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: Атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи” деген иликтөөнү жарыялаган болчу.

“Азыркы учурда бул иш боюнча юридикалык баа берүү үчүн сотко чейинки оперативдик-тергөө иштери жүрүп жатат” деп жазылат УКМК билдирүүсүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты