​COVID-19: Бишкекте кошумча эмдөө түйүндөрү ачылууда

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, кошумча эмдөө түйүндөрү медициналык мекемелерден тышкаркы жайларда ачылат.


Маалыматка караганда, «Космопарк», «Таш-Рабат», «Балдар дүйнөсү», «Чынар» соода оюн-зоок жайларында жана «Семетей» мектебинде жалпысынан 9 эмдөө түйүнү уюштурулат.

Мындан тышкары борбор калаада 118 ыкчам кеңеш берүү кызматынын саны көбөйтүлөт. Учурда шаардагы төрт медициналык мекемеде 12 линия иштеп жаткан болсо, жакынкы күндөрү 20га жеткирилерин шаардык саламаттык сактоо департаменти маалымдады.

4-июлга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 1401 учуру катталды. 10 киши каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учур Бишкекте 907 ге жетти.

1-июлга карата Кыргызстанда коронавируска каршы 112 миңден ашык киши эмделди. Эмдөө өнөктүгү кытай препаратынан тышкары Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен да жүрүп жатат.

Өнөктүк Орусиянын «Спутник V» жана Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен 29-мартта башталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты