​Майрамыңыздар менен, медицина кызматкерлери!

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы —медицина кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.


Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Калк саламаттыгы Кыргыз Республикасында мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

2021-жылдын башында „Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, калктын жашоо-шартын жана саламаттыгын жакшыртуу жөнүндө“ Жарлык кабыл алынып, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган.

Өткөн жылы жалпы суммасы 448,5 млн сомду түзгөн 14 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түздөө иштери пландаштырылып, анын 81,2 млн сому республикалык бюджеттен, калган суммасы Региондорду өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 11 объект бүткөрүлдү. Бишкек шаарындагы 100 орунга ылайыкталган жана Нарын шаарындагы 70 орунга ылайыкталган жугуштуу оорулар ооруканасы бүткөрүлүп ишке берилди.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларынын алкагында жалпы республика боюнча 109 703 адам эмдөөдөн өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты