Парламент БШКнын жаңы курамын колдоду

  • 3 года мурун

30-июнда Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамына сунушталып жаткан талапкерлерди колдоду.

28-июнда Президент Садыр Жапаров “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койду. Ага ылайык БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт.

БШКнын жаңы мүчөлөрү болуп президенттин квотасынан Нуржан Шайлдабекова, Марс Наспеков, Анар Дубанбаева, Нурлан Койчукеев, Акбалык Жумалиева, Айдана Жупуева шайланды. Ал эми КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев, «Республика — Ата Журт» фракциясынан Кайрат Маматов, “Бир бол” фракциясынан Абдыжапар Бекматов, “Ата Мекен” фракциясынан Искендер Гаипкулов, «Кыргызстан» фракциясынан Акылбек Эшимов, «Өнүгүү Прогресс» фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров шайланды.

Буга чейинки мыйзамга ылайык, Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн төртөөнү Президент, калгандарын фракциялар сунуш кылчу. БШКнын ушул тапта иштеп жаткан курамы 2016-жылы шайланып келген

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты