Президент БШК тууралуу жаңы мыйзамга кол койду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду.


Жаңы нормаларга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымын президент, жарымын парламент көрсөтөт. Аларды Жогорку Кеңештин депутаттары бекитишет.

Буга чейин БШК мүчөлөрүнүн үчтөн бири президенттин, дагы бир үчтөн бири парламенттик көпчүлүктүн, акыркысы парламенттик оппозициянын сунушу менен шайланышчу.

Мыйзам долбоору 18-майда коомдук талкууга коюлган. 16-июнда парламент мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда тең кабыл алган.

БШКнын учурдагы курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 25-июнда аяктады. Бирок алар БШК мүчөлөрүнүн жаңы курамы шайланганга чейин өз милдеттерин аткара беришет.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты