​Сөз эркиндигин колдоо митинги өтүүдө

Бүгүн, 30-июнда, Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыгышты.

“Документтин атын алмаштырып койгону менен маңызы мурдагыдай эле. Былтыр да парламенттин сессияларынын акыркы күндөрүндө бул долбоорго каршы жаштар “мен фейк эмесмин” деген акцияга чыгышкан” дейт жарандык активист Рита Карасартова.

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталды. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөп жатышат.

ЖогоркуКеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 28-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйза долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты