​Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди

  • 3 года мурун

Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келгенин «24.kg» маалымат агенттиги билдирди.


Мурунку өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевге карата УКМК ушул жылдын 1-мартында «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал мамлекеттик кызматта иштеген маалында өзүнүн расмий кирешеси менен дал келбеген мүлктү, тактап айтканда, 20дан ашык элиталык батирлерди, Бишкек шаарынын VIP шаарчаларындагы турак үйлөрдү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, жер тилкелерин сатып алган. Ысык-Көл жана Чүй облустарында, ошондой эле Түркияда жана Бириккен араб эмиратында кыймылсыз мүлктөрү бар экени аныкталган.

Январь айында Алиярбек Абжалиев Бишкектен Стамбулга учуп кеткен.

«Политклиника» медиасы 2021-жылдын февраль айында киреше таппай калган Кайыңды кабель заводунун цехтери жана жерлери Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин мурунку жубайы менен байланышы бар компанияга өтүп кеткени боюнча кенен иликтөө жасап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты