​Садыр Жапаров Түркмөнстанга жөнөп кетти

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Ашхабад шаарына эки күндүк расмий иш сапары менен жөнөп кетти.


Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара байланышуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо каралган.

Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат жана Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров туңгуч Президент Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Turkmenbashynin Ruhy Metjidi» мечитине барат. Ошону менен бирге Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коёт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Түркмөнстандагы элчи Талант Султанов;

— транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты