Дыйкандар Россияга болгар калемпирин экспорттоодо
- 3 года мурун
- Баяндар
Мавжуда Кодирова — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну.10 жылдай убакыттан бери ал жана анын үй-бүлөсү, башкалар сыяктуу эле, калемпир өстүрүп келишкен.
Ал ушул сезондо үчүнчү жолу түшүмүн Россияга жөнөтүүдө. Товар сатып алуучулардын бардык талаптарына дал келиши керек. Ошондуктан, ал жыйналган түшүмүн товардык-логистикалык борборго алып келет, ал жерде чириген, кичинекей жана деформацияланган калемпирди тазалашат.
Анын алгачкы калемпиринин бир килограммы 40 сомдон ашты. Ал эми жергиликтүү базарларга арзаныраак, килограммы 20-25 сомдон калтырат.
«Бүргөндү» кооперативинин консультанттары айылда атайын демонстрация аянтын түзгөн. Бул жерде калемпирдин ар кандай түрлөрүн өстүрүүгө, үшүккө туруштук берүүсүнө, түшүмдү мол беришиен жана сырткы көрүнүшүнө көңүл бурушат . Жылына бир жолу дыйкандарга талаа күнү уюштурулат, бул жерде алар жаңы сорттордун ар бири менен визуалдык таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
TES-борборунун агроному Мамашүкүров Абдулхамиддин айтымында, быйыл айылда жалпы калемпир эгилген аянт 200 гектарга жакын болду. Магретта, Линда, Портека жана Лотта сыяктуу түрлөрү отургузулат.
Сүрөт: Нуркамал Турсунбеков.