​Жактоочу: «Эмир Чукуев УКМКнын полковниги, анын СИЗО-1де отурганы туура эмес»

  • 3 года мурун

«Манас» аэропортунун экс-президенти Эмир Чукуевди камакта кармоо мөөнөтү 6-августка чейин узартылды.


Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту кабыл алды.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын башкармалыгынын мурунку төрагасы Эмир Чукуев ушул жылдын 9-февралында камакка алынып, СИЗО-1ге камалган. Ал түрк компаниясына транспорттук жеңилдиктерди берип, коррупцияга аралашкан деп айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Чукуев 2015-2018-жылдар аралыгында «Манас» аэропортунун башчысы болуп туруп, түркиялык «Gata Havayollari ve Tasimacilik» компаниясына эл аралык ташуулар үчүн мыйзамсыз артыкчылыктарды берип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

Февраль айынан бери абакта жаткан Эмир Чукуев менен бир дагы тернөө иш-чарасы өтпөгөнүн айткан жактоочусу Майрамбек Жумабеков:


«Ал февраль айында кармалган. Ошол учурдан бери аны менен бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлгөн эмес. Тергөө учурунда келтирилген чыгымдын көлөмү дагы аныкталган жок. Эмир Чукуев УКМКнын полковниги, бирок ал СИЗО-1де отурат. Бул таптакыр туура эмес, анткени ал жашыруун маалыматтарды, мамлекеттик сырларды алып жүргөн адам. Башка айыпталуучулар аны кысымга алып, мамлекеттик сырларды билип алса эмне болот? Эгерде аны камакта кармоо керек болсо, анда УКМКнын тергөө абагында тезинен которушу керек»,- деди.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты