​Кыргызстандагы чет элдик элчилер Кумтөрдөгү абалды өз көзү менен көрүп келишет

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен өлкөбүздөгү чет элдик элчилер 2 күндүк таанышуу иш сапары менен Кумтөр кенине жөнөштү.


Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги кенге байланыштуу акыркы окуялар, тышкы башкаруунун киргизилиши чет элдик инвесторлорду өзгөчө тынчсыздандырып жатканын билдирген.

«Мындай кырдаал экономикалык туруксуздукту жаратып, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биздин элчилик маселеге байланыштуу буга чейин эле маалымат тараткан. Кыргызстандын ИДПсынын 10 пайызын түзгөн компаниянын ишмердүүлүгүнө өз көзүбүз менен күбө болууга бул иш сапар эң сонун шарт түзүп берет”, — дейт элчиликтин маалымат кызматы.

Мындан бир ай мурун «Кумтөр» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк:

«Бардыгы ачык болсун деп жатабыз. Улуу Британия менен Канаданын элчилерин Кумтөр кенине барып келүүгө чакырым. Атайын тур уюштуруп беребиз», — деген.

Фото соцтармактан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты