​Президент Садыр Жапаров Тажикстанга барат

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ушул айдын акырында Тажикстанга расмий иш сапары менен бараары айтылды.


Тажикстандын Тышкы иштер министри тараткан маалыматта, Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрү Тажикстанга бараары эки өлкө башчыларынын телефондук сүйлөшүүсүндө такталган.

Ушул жылдын апрель айынын акырында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара чатагы күчөп, куралдуу кагылышууга алып келген. Тажик аскерлеринин огунан 36 кыргыз жараны каза таап, 180и жарадар болгон.

30 — апрелде Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, май айынын акырында Дүйшөмбүгө иш сапары менен бараары айтылган.

Кийин Президенттик адмнистрация кыргыз-тажик чек ара маселеси толук чечилмейинче, Садыр Жапаров Тажикстанга барбай тургандыгын кабарлаган.

24-май күнү Кыргызстан Тажикстан менен чек араларын бир тараптуу жаап, чек ара маселелери толук чечилмейинче алаканы убактылуу токтоткон.

Фото С. Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты