​Жапаров Рахмон менен ушул айда жолугат

  • 3 года мурун

Кечээ, 30 — апрелде Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.


Президенттин маалымат кызматы:

«Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүнү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруктуу абалда сактап калууну колдой турганын баса белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы салттуу жана көп кылымдык достуктун, ынак коңшулуктун негизинде ыраттуу жана жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Мамлекет башчылары учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты» — деп жазылган.

Президенттердин жолугушуу убактысын кыргыз тарап белгилеп койгону менен тажик президентинин маалымат кызматы «дипломатиялык каналдар аркылуу визиттин датасы такталат» — деп жазган.

Бүгүн, 1 — май күнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отуруму өтөт.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты