​ЖРТда эң көп балл алган Жайдар: “Өзүм даярдангам”

Хусеин Карасаев атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 232 балл алып, өлкө боюнча биринчи болду. Аны менен сынакка болгон даярдыгы, келечекке болгон пландары тууралуу маек курдук.

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу болгон Жайдар Нургазиев Балыкчы шаарында чоңойгон. Азыркы учурда Караколдо ата-энеси жана иниси менен жашайт. Өлкө боюнча биринчиликти алышын күтпөгөнүн айткан Жайдар сынак тууралуу буларга токтолду:

— ЖРТга акыркы беш-алты ай катуу аракет менен даярдандым. Күнүнө бир саат, бир жарым сааттай математика же орус тили сабагын окуп жаткам. Негизги тест тууралуу айта кетсем, математика мен үчүн көп оор болгон жок. Себеби биринчи класстан бери бул сабакка кызыгам. Ал эми мен үчүн орус тили бир аз оор. Грамматика, окуп түшүнүү оордой сезилет. Ошондуктан кошумча китептерди көбүрөөк окуп даярданып жаттым.

Кошумча курстарга барып даярданган эмес

Жайдар негизги тесттен сырткары кошумча сабак катары англис тили жана математика сабактарын тандаган. Математика сабагы ал үчүн жеңил экен. Ал эми англис тили сабагынан буга чейин ар кандай олимпиадаларга барып жүргөн. Сынакка киргендеги жеке талисманы, сүйүнүчтүү кабарды уккандагы абалы жөнүндө буларды айтып өттү:

— Сынакка баратып, мен жакшы көрүп, жетинчи класстан бери кийип жүргөн кызыл күрмөмдү кийип алгам. Мага ыңгайлуу болуп, эмоционалдык жактан тынчтанууга жардам берет деп ойлодум. Ал эми жыйынтыгын уккан күнгө келсек, сүйүнүчтүү кабарды мага апам айтты. Менин ийгилигиме эң катуу сүйүнгөн да апам болсо керек. Өзүм да угаарым менен толкунданып, бир тараптан таң калып, бир сааттай жөн эле отурдум.

Бош убактында сүрөт тартуу жана спорт менен алектенет

Жакшы жыйынтыктын сыры жакшы аракеттенүү гана эмес, жакшы эс алуу дагы дегендей, маектешибиз бош убактысында сүрөт тартат. Муну менен ал 5-класстан бери алектенет. Ал эми спорттун түрлөрүнөн болсо, эң кызыкканы волейбол жана баскетбол. Кызыгы аны эң жөнөкөй суу ичүү да эс алдырат экен:

— Мени эс алдырган нерселердин бири бул — суу. Канчалык кызыктай угулбасын, бир нерсе менен алектенип жатканда жыйырма мүнөт сайын суу ичип турсам, кадимкидей сергип, эс алгандай болуп калам.

Жайдар ийгилигине себепчи катары ата-энеси, мугалимдери жана классташтарын эсептейт. Айтымында эгер ата-энеси тараптан ошончо ишеним менен биргеликте колдоо болбосо, балким жоопкерчиликти сезбей, окубай коймок. Ал эми классташтары менен чогуу окуп, чогуу жүрүп, жакшы мамиледе болушуп, бири-биринен жардамдарын аяшкан эмес. Ошондой эле өзүнүн ийгилигин лицейдеги мугалимдердин жемиши деп билет:

— Бир гана орус тили жана математика мугалимдерибиз эле эмес, бардык мугалимдерге ыраазычылык билдиргим келет. Анткени мен жана менин классташтарымдын бүгүнкү жетишкендиктеринде алардын ар биринин орду чоң.

Кытайдын Гонконг шаарында окууну чечкен

Алтын сертификаттын колго тийүүсүн күтүп жаткан бүтүрүүчү келечектеги кесиби тууралуу дагы деле ойлонуп жүрөт. Бирок кандай гана болбосун социология тармагында окуусун анык билет. Келечекте коомго жана адамдарга жардам берүүнү максат койгон Жайдар Кытайдын Гонконг шаарындагы университеттердин бирине тапшырууну чечкен.

— Гонконг Кытай менен Англия өлкөлөрүнүн эң мыкты жактарын алып, дүйнөдөгү эң өнүккөн шаарлардын бири болуп калды деп ойлойм. Андан тышкары мен өткөн университет өзүнүн студенттерине аябай көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол себептүү ал жакта окуу мага мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы эшиктерин ачып берет деп ойлоп тапшырдым.

Сөз соңунда келечекке болгон пландары тууралуу да айта кетти:

— Алгач тапшырган университетимди ийгиликтүү аяктагым келет. Андан соң Япония же Канадада билимимди дагы да жогорулатууну каалайт элем. Он жылдан кийин болсо өзүмдү элине кызмат кылган бактылуу адам катары көргүм келет. Ата-энем, бир туугандарым жанымда, эң башкысы ден соолукта болушса дейм.

Автор: Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты