Мектептерде жалпы республикалык тестирлөө башталды

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыра турган абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө бүгүн, 18-майдан тартып башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 18-майынан 25-июнуна чейинки убакыт ЖРТ өткөрүү мезгили деп белгиленип, төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:

  • I этап: 2024-жылдын 18, 19, 20-майында;
  • II этап: 2024-жылдын 22, 23, 24-майында;
  • III этап: жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 2024-жылдын 21, 22, 23-июнунда.

Каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 2024-жылдын 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Сүрөт: Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты