​Эки депутаттын баш коргоо чарасы каралууда

  • 3 года мурун

“Кумтөр” иши боюнча камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров сотко алынып келинди.


Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык сотунда алардын баш коргоо чарасы каралат.

Эки саясатчынын тарапташтары соттун алдына чогулуп, алардын боштондукка чыгышын талап кылышууда.

Эске сала кетсек, «Кумтөрдөгү» коррупцияга айыпталып, парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров ушул жылдын 31-майнада камакка алынышкан.

Алардын баш коргоо чарасын караган Биринчи май райондук соту аларды 2 айга камакка алган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты