​11-июлдагы шайлоо жылып калышы мүмкүн

  • 3 года мурун

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы кайра шайлоо күнү жылып калышы мүмкүн.


Мындай пикирин БШК мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

“Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оор болуп турат. Ооругандардын саны өсүп, эң күчөгөн маалы июль айынын биринчи декадасына туура келээрин болжолдошууда. Эгер ушундай абал улана берсе, шайлоо кампаниясын бир айга узартуу тууралуу сунушу беребиз”, — дейт Тынчтык Шайназаров.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган.

Бишкек шаардык кеңешине 18 партия, Ошто 9, Токомокто 6 партия ат салышууда.

Президент Садыр Жапаров Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыкка 28-май күнү кол койгон.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты