«Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбоору бийликти сындагандарды куугунтуктаган мыйзам болуп калышы мүмкүн»​ (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору тууралуу сөз кылабыз.

Студияда юрист — АЛТЫНАЙ ИСАЕВА.


— Мыйзам долбоорунун авторлору кайра-кайра эле коомчулукту адаштырганга аракет кылып жатат. Анткени «фейк-аккаунттар, жалган маалыматтар өспүрүмдөргө терс таасир этет” деген популисттик аныктамалар менен мыйзам долбоорун көтөрүп жатышат.

Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ал менин же силердин укугуңарды коргобойт. Кайсы органды албайбы, бир органдын Интернеттеги жалган маалыматтарды изилдеп, таап чыкканга ресурстары жетишпейт.

Анда күндө башка такыр иш кылбай эле соцтармактарда аккаунттарды текшерип отуруш керек болот. Мисалы Фейсбуктан тышкары Инстаграмм аккаунттары, Одноклассники, Твиттер… ар бир соцтармакта Кыргызстандын жарандары отурат.

Бул мыйзам жөнөкөй жарандардын укуктарын коргобойт, бийликти, чиновниктерди сынга алган, каршы ой-пикир айтып жаткандарды куугунтукка алган мыйзам болуп калышы мүмкүн. Чынында булар фейк-аккаунттарды блокировка кылбайт, каршы пикир, сын айтып жаткан жарандарга кандайдыр чектөө коюш үчүн колдонуучу мыйзам болуп чыгат.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты