​“Кумтөрдүн” акчасы менен башка кендерди иштетебиз

  • 3 года мурун

“Кумтөр” алтын кенинин убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанинин” кирешеси менен Кыргызстандагы башка кендерди да иштетип баштаарыбызды айтты.


“Кумтөрдөн” кенинен алыс эмес жерде “Тоголок” алтын кени бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жерде 100 тонна алтындын кору табылган. Бул кен изилденип, тизмеге киргизилет. Ошондой эле Таласта “Андаш”, “Талды-Булак”, Нарында “Жетим-Тоо”жана “Бала-Чычкан” темир кендерин иштетүү планыбыз бар. Долбоордук менеджери мен өзүммүн. Чет өлкөдөн команда чакырып, жергиликтүү адистерди тартып, кендерди иштетүүнү баштайбыз»,-дейт Тенгиз Бөлтүрүк.

Эске сала кетсек, 14 — майда «Кумтөр» кенине сырттан башкаруу киргизилип, 18 — майда Тенгиз Бөлтүрүк сырттан башкаруучу катары «Кумтөр» ишканасынын жамаатына тааныштырылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты