Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө
- 3 года мурун
Бүгүн, 20-июнда, Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат.
Бул шайлоо учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын мындан аркы кызматынын тагдырын чечмекчи.
Кезексиз парламенттик шайлоодо Армениянын мурдагы үч президенти тең катышууда. Бюллетенде бардыгы болуп 21 партия жана төрт блок бар.
Өтүү босогосу — партиялык блоктор үчүн 7%, партиялар үчүн 5%.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү