​Ат-башылыктар каршы чыгышса, соода-логистикалык борбор Балыкчыга курулат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров ушул жумада Нарын облусуна иш сапары менен барган.


Анда Ат-Башы районунун тургундары менен да жолугушкан.

Ат-башылыктар менен баарлашууда Президент район аймагына соода-логистикалык борборун куруу боюнча оюн айтып, эгер жергилкитүү эл бул долбоорго каршы чыкса, башка жакты да караштыраарын кошумчалаган.

«Турмуш» басылмасынын жазганына караганда, соода-логистикалык борбордун курулушуна Ат-Башы районунун жашоочулары макулдугун беришкен.

Садыр Жапаров: «Экинчи вариантты дагы карап көрдүм, эгерде эл Ат-Башыга курууга каршы болуп туруп алышса, анда Балыкчыга салалы деген маселени караганбыз. Бирок, Ат-Башынын эли «Бул жерге эле сала бергиле. Бизге жумушчу орундар керек. Балдарыбыз иштеши керек. Ал логистикалык борбор биз үчүн түбөлүк иштеши керек» деген ойлорун айтышты. Эгер ал соода-логистикалык борбор салынып калса, 25 миңден 30 миңге чейинки жумушчу орун пайда болот. Ал жерде 95 пайыз кыргызстандыктар иштейт. Муну биз, өкмөт толугу менен көзөмөлгө алабыз» — деген.

Эске сала кетсек, бул демилге мурунку бийлик тушунда да көтөрүлүп, бирок жергиликтүү элдин массалык нааразычылыгынан улам долбоор башталбай жатып жабылган.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты