​Ат-Башыда логистикалык борбор долбоору жабылмай болду

  • 4 года мурун

«Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» компаниясы индустриалдык соода-логистикалык борборду куруу долбоорун жаба турган болду.

Бул тууралуу «Нарын» эркин экономикалык аймагынын басма сөз кызматы билдирди.

200 гектер жерди 49 жылга ижарага алуу келишими жокко чыгарылганы маалымдалды.

“Учурда биз айыл чарба жоготууларынын ордун толуктоо максатында өкмөткө төлөнгөн 43 млн сомду кайтаруу боюнча кат даярдап жатабыз” деп айтылат билдирүүдө.

Анда айтылгандай, “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ЖЧКсында Ат-Башы районундагы логистикалык борборго компания 280 млн доллар сала турган болгону белгиленди.

Каражат компаниянын жеке ресурстарынан бөлүнмөк жана бул инвестиция боюнча Кыргызстандын өкмөтү эч кандай кепилдик берген эмес. Бардык тобокелдикти компания өзүнө алган.

“Өлкөнүн бийлиги менен сүйлөшүү учурунда объектти куруу учурунда график-планы үзгүлтүккө учураса, “Нарын” ЭЭК администрациясы бир тараптуу келишимди буза ала тургандыгы боюнча шартка макул болгонбуз. Компаниянын кадр кызматы талап кылынган адистерди жергиликтүү жаштар арасынан тандап даярдоону уюштурууну жана аларды чет элдик ЖОЖдорго окууга жиберүү боюнча тизме түзө баштаган.

Биздин буйрутмаларды аткарууга жана курулуш материалдары менен жабдып турууга жергиликтүү курулуш компаниялары даярдык көрүп жаткан” деп айтылат билдирүүдө.

Логистикалык борбордун курулушу башталганда жана куруу учурунда 15 миңден кем эмес кызматкер талап кылынмак. Биринчи сегиз жылда салык жана башка которуулардан бир канча миллиард сом түшмөк.

Тилекке каршы Ат-Башы районунун жашоочуларынын арасында бул долбоорго терс мамиле жасалып, ал каршылык акцияларында байкалды. Ири мөөнөттүү долбоорго андай мамиле болгон учурда, жергиликтүү калк логистикалык борборго каршы болуп турса, иштөөгө мүмкүн эмес, ошондуктан биз ал долбоорду жабууга аргасыз болдук” деп билдирди компаниядан.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

Ат-Башыда логистикалык борборду курууга каршы бир нече жолу митинг өткөн. Акыркысы бүгүн, 17-февралда болгон.

Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты