​Президент Ат-Башыга соода-логистикалык борбор куруу сунушун айтты

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагындаАт-Башы районунун жашоочулары менен жолугушту.


Жолугушууда Президент Ат-Башы районунун аймагына соода-логистикалык борбордун курулушу тууралуу кеп козгоп, эгер долбоор ишке ашса облустун экономикасынын кыймылдаткычы боло турганын белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө бул долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даяр жана бул жерде көптөгөн товарларды чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар жайгаша баштайт.

Бирок жергиликтүү элдин макулдугу болсо гана инвесторлор менен сүйлөшүүлөр башталаарын, эгер каршы чыгышса, логистикалык борборду башка аймакка куруу маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, бул демилге мурунку бийлик тушунда да көтөрүлүп, бирок жергиликтүү элдин массалык нааразычылыгынан улам долбоор башталбай жатып жабылган.

“Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ЖЧКсы Ат-Башы районундагы логистикалык борборго 280 млн доллар сала турган билдирген.

Каражат компаниянын жеке ресурстарынан бөлүнмөк жана бул инвестиция боюнча Кыргызстандын өкмөтү эч кандай кепилдик берген эмес. Бардык тобокелдикти компания өзүнө алган.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты